Wellness-эксперт менен бирге энбелгилерди окууну үйрɵнɵбүз

Супермаркеттердин текчелериндеги ар түрдүү азыктардан кээде баш айланат. Эки окшош варианттардын ортосунда кантип тандоо керек, энбелгини окуп жатканда эмнеге көңүл буруш керек, калорияларды санаш керекпи – биз диетолог жана Wellness ɵнүмдɵрү боюнча улук глобалдык тренер Марлен Норландерге ушул суроолорду бердик.

Адатынча, биз таңгактын алдыңкы бетинде көргөн нерсе көңүлдү буруу жана ɵнүмдү сатып алууга ынандыруу үчүн иштелип чыккан. Бул жазуулар адамды адаштырышы мүмкүнбү?

Марлен: Бул чындык. Көпчүлүк өлкөлөрдө бардык азык-түлүк боюнча маалыматтар катуу жөнгө салынганына карабастан, таңгактардагы кээ бир сɵздɵр дагы эле ɵнүмдү чындыкка караганда бир аз пайдалуураак кылат, мисалы: «майы азыраак», «канты азыраак», «белокко бай» ж.б. Бул билдирүүдө эч кандай коркунуч жок, бирок коопсуздук үчүн таңгактын арткы бетинде эмне жазылганын текшерип көргөнүңүз оң: ɵнүм эмнеден турат жана анын энергетикалык баалуулугу кандай. Бул сизге баамдап тандоо жасоого жардам берет.

img_2.jpg 

Азыктарды тандоодо, дароо эле биринчи колго тийгенин албай, бир нече вариантты карап чыгуу керек деген чынбы?

Марлен: Албетте. Жок дегенде эки азыкты салыштырып кɵрсɵңүз, алардын курамындагы, энергетикалык баалуулугундагы айырмаларды кɵрɵ аласыз. Ар кандай даамдар кошулган бирдей эле ɵнүмдɵрдүн курамы да ар башкача болушу мүмкүн, мисалы биздинбатончиктерибиз Natural Balance. Мен калориялардын санына да кɵңүл бурам. Бул маанилүү, анткени, тилекке каршы, кɵбүнчɵбүз аларды ɵтɵ кɵп керектейт. Энбелгилерде кɵп учурда 100 г азыктын калориясы кɵрсɵтүлɵт. Бул маалымат сизге ɵнүмдɵрдү салыштырууга жардам берет, бирок ар башка ɵндүрүүчүлɵрдүн порцияларынын ɵлчɵмү ар башкача болушу мүмкүн экенин эске алыңыз.

Азыкты тандоодо дагы эмнени билүү керек?

Марлен: Кызыктуу факт: «курамы» деген сапта ингредиенттер алардын ɵнүмдɵ канча камтылганына жараша тизмеленет: кɵп ɵлчɵмдɵн аз ɵлчɵмгɵ карай. Биринрчи 3 ингредиентке кɵңүл бурууну эреже кылып алыңыз, анткени дал ошол 3 ингредиент сиз жей турган нерсенин негизин түзɵт.

Азык-түлүк шопингинин сырлары менен бɵлүшсɵңүз: эске ала турган ɵзгɵчɵ бир нерсе барбы?

Марлен:Эгер сиз нан же эртең мененки тамактануу үчүн үлпүлдɵк тандап жатсаңыз, бүтүн дандын, клетчатканын курамы жогору, ал эми шекердин курамы тɵмɵн болгон варианттарды издеңиз. протеиновыми коктейлями, такими как Natural Balance, сыяктуу протеин коктейлдери менен болгон учурда, белоктун ɵлчɵмүнɵ кɵңүл буруп, таттуулагычтар жɵнүндɵ да унутпаңыз: курамында кɵп ɵлчɵмдɵ кошулган шекер болуп калышы мүмкүн. Даяр тамактар кɵп май камтышы мүмкүн, ошондуктан мен каныкпаган майы кɵп жана каныккан майы аз варианттарды тандайт элем.

img_3.jpg 

Кайра иштетилген азыктарды керектесе болобу же бардыгын ар дайым ɵз колубуз менен жасаганыбыз жакшыбы?

Марлен: Кайра иштетилген азыктар, албетте, көп жагынан жаңы жасалган үй тамактарына жетпейт, бирок кээде бизге жашоонун тынымсыз темпинде аларды керектɵɵгɵ туура келет. Кайра иштетүү деңгээли жогору болгон азыктардын ордуна белокко жана клетчаткага бай азыктарды тандоо маанилүү. Бул алар жөнүндө ойлонгондо эле табитиңиз ачылган азыктар: бургерлер, фри картɵшкɵсү, кытырактар, печенье жана торттор. Даамдуубу? Албетте! Бирок энбелгисин текшериңиз: алардын көбүндɵ калориялар, кант, туз жана май кɵп, ал эми зарыл болгон нутриенттер аз камтылган. Бул биротоло мындай азыктарды унутуп калуу керек дегенди билдирбейт, бирок диетанын негизи көбүрөөк пайдалуу жана баланстуу тамактардан турушу үчүн, аларды чанда гана керектɵɵгɵ аракет кылыңыз.

Ар түрдүү азыктардын арасынан пайдалуу азыктарды издеп табуунун кандайдыр бир жɵнɵкɵй ыкмасы барбы?

Марлен: Албетте! Кээ бир ɵлкɵлɵрдɵ азыктар канты жана тузу аз, ал эми клетчаткасы, пайдалуу майлар кɵп камтылганы жɵнүндɵ күбɵлɵндүрүүчү логотип менен белгиленет. Швецияда мындай азыктар жашыл кулпу . менен белгиленет. Сиздин ɵлкɵңүздɵ да ушундай нерсе бар экенин текшерип кɵрүңүз.

Жыйынтык чыгаралы: ар дайым окшош азыктарды салыштырыңыз, курамын, энергетикалык баалуулугун караңыз, калорияларга кɵңүл буруңуз, май, туз жана кант кɵп камтылган кайра иштетилген азыктарды аз керектеп, ɵлкɵңүздɵ пайдалуу азыктар кандайдыр бир белги менен белгиленерин билиңиз. Тез жана баамдуу сатып алууга жардам берүүчү мыкты кеңештер.