Деӊиз ичте: жылмаюуӊдун кооздугу үчүн деӊиз кальцийи

: Деңиз алыста болсо дагы, анын бир бѳлүгү жылмаюуӊдун саламаттыгына жана кооздугуна кам көрөт. «Деңиз кальцийи жана D витамини» комплексин үзгүлтүксүз ичүү тиштерди чыңдоого кандайча жардам берерин айтып беребиз.

«Деңиз кальцийи жана D витамини» комплексинин ар бир таблеткасына кальцийдин табигый деӊиз булагы болгон, патенттелген Aquamin ™ комплекси кирет жана ал оптималдуу сиӊирүү үчүн кошумча 70тен ашык микроэлементтерди (250 мг кальций) жана D витамини (5 мкг) ѳзүнѳ камтыйт



Адам организминде кальцийдин ролу өтө эле чоң: бул макроэлемент адамдын дене салмагынын 2% гана түзсө да, ал ѳтѳ маанилүү процесстерге катышат.

Кальций — адам денесинин ар бир клеткасы
тарабынан колдонула турган бир нече
элементтердин бири.

Ал күчтүү саламат сөөктөр, булчуңдардын жыйрылышы, жүрөктүн жана нерв системасынын иши, кандын нормалдуу уюшу жана гормондун чыгарылышы үчүн ѳтѳ зарыл.

Кальций жетишсиздигинде эмне болот?

Кальцийдин дээрлик 99% сөөктөрдө жана тиштерде топтолгон, бул организмдеги макроэлементтин резервдери. Кальцийдин деңгээли төмөн болгон учурда, анын катышуусу менен болгон процесстер нормалдуу жүрүшү үчүн, ал резервдерден чыгарылат

Ошондуктан, кальций жетишсиздигинин негизги белгилери — 
бул тиштердин абалынын начарлашы (мисалы, кариес  
жана эмалдын бузулушу) жана тез-тез жарака кетүү.


Алгачкы симптомдор катары чарчоо, жалпы алсыздык, тез чарчоочулук саналат. Чач, тери, тырмак менен проблемалар пайда болот


 Эмне үчүн кальций тиштердин саламаттыгы үчүн маанилүү?

Тиштер денедеги атайын функцияларды гана аткарбайт - бул ден-соолуктун маанилүү көрсөткүчү. Аларды жоготуу ичеги-карын жолунун иши бузулушуна жана адамдын эстетикалык көрүнүшүндө олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет

Сөөктөрүбүз менен тиштерибиз канчалык катуу болбосун, чындыгында бул өмүр бою жаңыланган жана эскирген тирүү ткань экенин билүү маанилүү. Жаңы сөөк ткандары эскисин дайыма алмаштырат, сөөктүн ар кандай жаракаттарын калыбына келтирет


Кальций тиш эмалын калыбына келтирүүнүн, 
бир дагы секундга токтобогон, чексиз процессине катышат — 
ошондуктан тиштер үчүн кальций тынымсыз керек.

Заманбап жашоо ыргагы сиздин ден-соолугуңузду жана тиштериңиздин ден-соолугун алдын-алууга ар дайым мүмкүнчүлүк бербейт. Ѳз убагында тамактанбоо, рациондо кальций көп камтылган тамак-аштардын жетишсиздиги - ыңгайсыздыкка, тиштер жана тиш бүйлѳлѳрүнүӊ проблемаларына алып келет. Ооз көңдөйүнүн бардык ткандары саламат болушу үчүн белгилүү бир витаминдер менен минералдарды тамак-аш менен кошо алуу керек же аларды кошумчалар түрүндө ичүү керек.

 Кальций жетишсиздигин кантип толуктаса болот?

Күнүмдүк рационуңузга катуу сыр, аз майлуу быштак жана айранды киргизиӊиз. Жашыл жалбырактуу жашылчаларды көп жеӊиз: петрушка, сельдерей, спаржа, каалаган капуста (түстүү капуста болсо жакшы), чамгыр жана салат-латук. Көк чөптөр кальций менен байытылып, дененин башка азыктарды өздөштүрүшүнө жакшы таасир берет. Ошондой эле кальций буурчак, жумуртканын сарысы, жаңгак жана деңиз азыктарында көп кездешет. Балыктын боорун, кунжут, кебек, алма, жаңгак жана бал жеӊиз. Бул маанилүү минералдын көбү мөмөлөрдүн көпчүлүгүндө да кездешет.
Көбүнчө ар түрдүү тамактануу жөнүндө унутуп коёбуз жана бул жерде организмде микроэлементтердин жетишсиздигин жөнгө салууга жардам берген тамак-аш кошумчалары жардамга келет.

Мисалы, Oriflame-дин «Деӊиз кальцийи жана D витамини» Wellness ѳнүмү – Түндүк Исландиянын муздак сууларынан алынуучу кальцийдин мыкты булагы.
Анын AQUAMINTM компоненти - бул биоактивдүү кальцийдин уникалдуу булагы, ал кальций камтыган балырлардан алынат. Табиятта табылган көптөгөн кошумча микроэлементтер менен катар, бул сөөктүн бекемдигин сактоонун клиникалык жактан далилденген таасири бар кальцийдин эң сонун булагы. Кальцийдин организмге эң жакшы сиңишин камсыз кылуу үчүн биз ага D витаминин коштук.
Тамактануу боюнча изилдөөлөр көрсөткөндөй, көптөгөн өлкөлөрдө тамак-аштагы кальцийдин курамы боюнча диеталык сунуштар сакталбайт, ошондуктан жетишсиздикти жоюу үчүн рационго азыктык кошумчалары киргизүү эӊ мыкты чечим болот.

Текст: Сүрөт: Oriflame