Скандинавиялык диета тууралуу бардыгы

Скандинавия өлкөлөрү табияттын кол тийбеген кооздугу, сергек жашоо принциптери жана өз жарандарынын узак жашоосу менен белгилүү. Дал ушул жерде акыркы жылдары эң көп айтылган тамактануу ыкмаларынын бири - скандинавиялык диета пайда болгону таң калтырбайт.

Скандинавиялык диета деген эмне?
Скандинавия диетасынын негизги принциби: жергиликтүү, мезгилдүү жана экологиялык таза тамак-ашка көбүрөөк көңүл буруу - иштетилген тамак-аштарды, рафинаддалган кантты жана кызыл этти азыраакколдонуу. Бул диетанын натыйжасында рацион пайдалуу майлар, витаминдер, минералдар жана фитонутриенттер менен байытылат. Батыш диетасына салыштырмалуу белокту жана азык булаларын көп өлчөмдө алууну жана кантты, тузду жана каныккан майды аз өлчөмдө колдонууну камсыз кылат.

Сунушталган азыктардын тизмесине эмне кирет?

Мөмөлөр жана жемиштер
Алардын артыкчылыктары: ар кандай түрдөгү жана түстөгү мөмөлөрдү жеп, денени антиоксиданттар менен каныктырууга болот. Скандинавия өлкөлөрүндө өскөн жана Скандинавия диетасы сунуштаган мөмөлөргө төмөнкүлөр кирет: кара моюл, брусника, кызыл карагат, кара бүлдүркөн, малина, кулпунай, морошка жана арча - жана бул толук тизме эмес!

Жыйынтык: күнүмдүк тамактанууңа мөмө -жемиштерди көп кошуңуз. Алар кадимки десертти алмаштыра алышат

Жер-жемиштер жана тамыр-жемиштер
Алардын артыкчылыктары: жетиштүү өлчөмдө жашылча жана жер-жемиштерди колдонуу (күнүнө 600 г) семирүү сыяктуу оорулар жана кээ бир рак түрлөрү менен ооруу тобокелдигин төмөндөтөрү даллденген. Рационго жашылчаларды көбүрөөк киргизүү менен кандагы канттын деңгээлин кармап туруу үчүн көбүрөөк азык булаларын жана организмди азыктандыруу жана коргоо үчүн көптөгөн пайдалуу заттарды аласыз. Вегетация мезгили кыска болгондуктан жана кыш мезгилинде пайдалуу касиеттери сактоо үчүн, скандинавиялык диетада сабиз, пастернак, кызылча, картөшкө жана капуста кошулган тамактар кеңири таралган.

Жыйынтык: Күн сайын жашаган аймагыңда өстүрүлгөн жашылчаларды жетиштүү түрдө жеп жатканыңа ынан.

Бүтүн дандуулар
Алардын артыкчылыктары: рафинаддалган аналогдоруна салыштырмалуу башкача сиңген азык булаларынын жогорку курамына ээ болгон татаал углеводдорго бай. Азык булалары ичегидеги пайдалуу бактериялар үчүн "азык" болуп, анын саламаттыгын сактайт, ал эми данектердин кабыгы денени организмди витаминдер, минералдар жана антиоксиданттар менен каныктырат. Бүтүн дандуулар холестеринге жана кандагы канттын деңгээлине оң таасирин тийгизет.

Скандинавия диетасы сулуну, арпаны жана кара буудайды жактырат, аны дүкөндөрдүн текчелеринде Knäckebröd’дон баштап (шведдик кара буудай наны) Rugbrød’го чейин (ачытылгын тыгыз даниялык кара буудай наны) жана Havregrynsgröt’ко чейин (типтүү швед сулу буламыгы) табууга болот.

Жыйынтык: рафинаддалган жана кайра иштетилген сорттордун ордуна бүтүн дан эгиндеринен жасалган унду, нанды жана буламкытарды тандаңыз.

Буурчактар
Алардын артыкчылыктары: бул өсүмдүк тектүү белок, ошондой эле В6 витамининин, кальций, цинк, темир жана рибофлавин булагы. Мындан тышкары, буурчак өсүмдүктөрүнүн курамында азык булалары бар, ал эми бул ичегиге керектүү нерсе.

Эмне үчүн алар сунушталган азыктардын тизмесине кирет? Скандинавия диетасынын негизги аспектиси - майсыз кызыл этти чектөө. Буурчак өсүмдүктөрү белоктун деңгээлин сактоого жардам берет, ошондуктан буурчак, сары буурчак жана жасмыктан жасалган тамактар кадимки скандинавиялык тамактары болуп саналат.

Жыйынтык: мүмкүн болсо, жаныбарлардын белогун өсүмдүк белоктору менен алмаштыр – ошондо денең жана планета сага ыраазы болот.

Сүт азыктары

Алардын артыкчылыктары: Алар жогорку сапаттагы белокко жана маанилүү витаминдерге жана минералдарга, анын ичинде кальцийге бай. Йогурт, каймак жана сыр сыяктуу ачытылган сүт азыктарындагы пайдалуу бактериялар ичегини жана жалпы ден соолукту сактоого жардам берет.

Жыйынтык: Ичегинин иштешин жана жалпы ден соолукту колдогон белоктун булагы катары жергиликтүү кычкыл сүт азыктарын танда.

Майлуу балык
Анын артыкчылыктары: балык – бул белок, май кислоталарынын, селен, йод, фосфор, калий жана В тобунун виаминдеринин булагы. Майлуу балык омега-3 майлуу кислоталарына бай, алар өзүнүн коргоочу касиеттери менен белгилүү жана көрүүгө, мээнин жана жүрөктүн иштөөсүнө оң таасирин тийгизет. 

Көл, деңиздерге бай Түндүк Европа өлкөлөрүнүн калкы сельдь, скумбрия, лосось жана сардинанын маринаддалган, ышталган жана консерваланган түрдө көп жешет.

Жыйынтык: организмди жогорку сапаттуу белок жана майлуу омега-3 кислоталары менен камсыздоо үчүн ар жума сайын тамагыңда майлуу эмес жана майлуу балыкты колдонууга аракет кыл.

Рапс майы 

Анын артыкчылыктары: рапс майы (же канола майы) көбүнчө тамак же салат жасоодо колдонулат. Анын курамында каныккан майлар аз жана пайдалуу моноканыкпаган майлар көп. Ошондой эле мээнин иштешине жардам берүүчү белгилүү болгон омега-3 майлуу альфа-линолен кислотасын (ALA) камтыйт.

Жыйынтык: ден-соолуктун жалпы абалын сактоо үчүн, тамак жасоодо негизинен каныкпаган майларга бай өсүмдүк майларды колдон.

Скандинавиялык диетанын дагы бир бонусу 
Бул органикалык жана жергиликтүү азыктарды колдонууга үндөө менен айлана-чөйрөгө тийген терс таасирди азайтууга жардам берет, ал эми бул ташуу жана катуу токсиндерди колдонуу зарылдыгын жок кылат. Скандинавия диетасы өсүмдүккө негизделген тамак-аштарды көбүрөөк жеп, кызыл этти чектөөгө үндөйт, бул парник эффектин, топурактын булганышын жана жайыттарды азайтат. Жердин кайсы жеринде болсоң да, Скандинавия диетасынын оң принциптери сенин денеңе эле эмес, биздин планетага да пайда алып келет.

Ещё один бонус скандинавской диеты
Она помогает сократить вредное воздействие на окружающую среду, поощряя употребление экологически чистых и местных продуктов, что исключает необходимость в транспортировке и использовании агрессивных токсинов. Скандинавская диета также призывает к употреблению большого количества растительных продуктов и ограничению красного мяса, а это уменьшает парниковый эффект, загрязнение почв и чрезмерный выпас скота. В какой бы точке Земли ты ни находился, позитивные принципы скандинавской диеты принесут пользу не только твоему организму, но и нашей планете.

Oriflame’дин Wellness өнүмдөрү скандинавиялык диетанын принциптерине негизделгенин билчү белең? Алардын пайдасын жана артыкчылыктарын ач.

Текст: