Чачтар үчүн жазгы камкордук көрүү

Чачтардын ачаланган учтары жана кургак чачтар, эми кош болгула! Узакка созулган кыш сезонунан кийин чачтар алсыз жана сынган сыяктуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Чачтарга натыйжалуу камкордук көрүүнүн жана калыбына келтирүүнүн сырларын ачабыз!

 

Жазында чачтарга кандай кошумча камкордук көрүү керек?

Биринчиден, организмди ден-соолукка пайдалуу жана ар түрдүү тамактар менен азыктандырууга, стрессти азайтууга жана толук жакшы уйкуда уктоо менен жардам берүү керек  - бул, өзгөчө, иммунитет алсырап турганда жана ички резервдер начарлап турган мезгилде абдан маанилүү. Тамактанууга кайсы продуктуларды кошуу керектиги жана кайсы тамактарды кошсо болоору, жана чачтардын саламаттыгы тууралуу ичтен кандай камкордук көрүү керектиги жөнүндө биздин wellness-эксперт Таня Рыбакованын колонкасынан оку.



Бүтүндөй узундугу боюнча чачтарды кантип бекемдөө керек?

Жазында табигый коргоочу тоскоолдукту сактоо өзгөчө маанилүү, ал эми чач үчүн башкы жардамчы - бул майлар. Биз бекемдөөчү Eleo майын сунуштайбыз. Ал өзүнүн курамында үч баалуу майдын аралашмасын камтыйт: таману майы майлуу кислоталарга бай жана коргоочу тоскоолдукту калыбына келтирет, арган майы кутикуланы терең азыктандырат жана бекемдейт, кызгылт (роза) майы чачтын калыңдыгын бекемдейт жана чачтарды жасалгалоону жеңил кылат.

Чачтарга камкордук көрүүдө көбүнчө кандай ката кетиришет?

Адамдар нымдуу чачтар өтө сезгич келээрин жана чачтарды жасалгалоо учурунда аларды көп эле тарта берүүнүн кереги жок экендигин унутуп коюшат. Ошондой эле, чачтарды сүлгү менен болгон күчүңдү салып, сүргүлөп кургатпастан – аларды өтө этияттык менен баскылоо аркылуу кургатуу керек!

Чачтардын кургактыгын кандайча болтурбай коюга болот?

Албетте, сен ар дайым кондиционерди колдонушуң керек, бирок чачтарды өтө ысык эмес жана өтө муздак эмес,  орточо жылуу суу менен жууп коюу өтө маанилүү. Ысык фенден алыс бол жана чачтарды ысыкты колдонуу менен жасалгалоо учурунда, коргоочу каражаттарды колдон.

Дээрлик бардыгы үчүн дагы кандай принциптер ылайыктуу келет?

Сенин чачтарыңа чындыгында эмне керектигин аныктап ал жана алар сага гана ылайыктуу болгон каражаттар менен гана колдон. Чачтар суу болгондо, аларды жабыркоого дуушар кылбаш үчүн душка түшөөрдөн мурда чачыңды тарап ал. Чачтар үчүн масканы жумасына бир жолу сүйкөп тур, ал сенин чачтарыңды жандандырат жана аларды энергияга толтурат.

 

Текст: Сүрөт: Getty Images