Италия тилин үйрөнөбүз: сулуулуктун жети эрежеси

Элеганттуулук, достук жана кынтыксыз стиль сезими – италиялык кыздар бул сапаттарды кантип айкалыштырышат? Сага dolce vita искусствосуна жакындоонун жети ыкмасын сунуштайбыз.

1. Теридеги күн
Италиялык кыздар жөнүндө ойлонгондо эӊ биринчи ойго келген нерсе – бул кооз, күн сүйгөндөй тери. Ушундай терини каалайсыӊбы? Өзгөрүүнү  Giordani Gold пребиотикалык сывороткасы бар карылыкка каршы тоналдык негизинен башта: муну менен сен идеалдуу тонду жарата аласыӊ. Андан кийин бронзер менен бет сөөктөрүӊдү, мурдуӊду, ээгиӊди жана чекеӊди бир аз боё, бул образга жылуулукту тартуулоого жардам берет (ооба, италиялык кыздар да муну жасашат!). Баса, Giordani Gold шариктеги эндиктер Италияда колго жасалаарын билесиӊби

2. Өзү үчүн айтып турат  
Италялыктар сүйлөшүүнү жакшы көрүшөт. Көп сүйлөшкөндү. Өзгөчө табитти ачуучу паста жеп жатып же эспрессо ичип жатып. Ошондуктан эрин помадасы каныккан түстө жана туруктуу болушу керек. Түсү жөнүндө айтсак – каалаганыӊды танда, бирок ачык түстөрдү тандаганыӊ жакшы!

3. Жакшы ойнойт
Кызгылт алтын түс бир нече металлдардын кымбат баалуу кошундусун элестетет: биригип, алар жаӊы укмуштуудай түстү жаратат. Ошондой эле флёрдоранж Essenza®, камелия Celebratissima, жасмин гүлдөрү Giordani Gold Essenza Blossom кооз гүл жыпар жыттын кымбат баалуу «Кызгылт алтын» аккордуна кошулат. Атырдан үстүӊкү ноталары алмуруттун жана ширелүү мандариндин салкын таттуулугу менен ачылып, акырындык менен кымбат баалуу «Кызгылт алтын» аккордунун айланасында курулган ачык, асыл гүл композициясына өтөт. Ачылып жатып, жыпар жыт ваниль жана мускустун өзүнө тартуучу жылуулугуна оройт. Негизги нотасы – Казертадагы Падыша сарайынын гүлбагындагы Кооз гүл болгон камелия Celebratissima ашкере байлыктын салтанатын көрсөтөт. Анын назик жыпар жыты парфюмга кылдат назик жаӊырууну кошот.

4. Жан дүйнө күзгүсү
Римдин жана Миландан көчөлөрүнөн күндөн коргоочу көз айнек тагынбаган кызды жолуктурбасаӊ керек. Чоӊ көлөмдөгү көз айнектердин актуалдуу үлгүлөрүнө карабастан, бир дагы италиялык кыз көз карашын макияж менен баса белгилөө мүмкүнчүлүгүн колдон учурбайт. Классиканы тандап, сөзсүз түрдө кирпикке арналган тушту жана подводканы колдон.

5. Ал жерде да, бул жерде да  
Италиялыктар — экспрессивдүү адамдар, муну жадагалса алардын чачтары да тастыктайт. Бактыбызга жараша, өтө тыкан эмес чач жасалгалар пмоданын туу чокусунда турат. Чачтарыӊды манжаларыӊ менен тарап, аларды күзгүсүз жасалгала — дал ошондо чыныгы италиялык образ жаратасыӊ
 
6. Bella figura 
«Bella figura» сөзү Италия тилинен которгондо идеалдуу фигураны билдирет. Биз италиялык кыздарды ушундай өзүнө ишендирип, сулуу кылган өзүн-өзү өзгөчө сезүүлөрү жөнүндө айтып жатабыз. Бул өзүн элеганттуу, бирок, кекирейбей, өзүнө тартып, бирок өзүн ашыкча сүйбөй алып жүрө билүү. Жакшы адаттарга ээ болуп,  баарлашууда жагымдуу болуу. Бул образыӊа назик италиялык стилди кошууга жардам бере турган жөнөкөй эрежелер

7. La dolce vita
Кантип кооз жашоо керек? Италиялык айымдар бул искусствону мыкты билгендей көрүнөт. Мунун сыры – деталдарда: эгер кечки тамак болсо – анда достор же үй-бүлө менен, анткени бул өзүӊдү бактылуу сезүүгө жардам берет. Софи Лорен: «Сулуулук – бул өзүн өзү сезүү, жана бул көзүӊөн көрүнүп турат», - деп бекеринен айтпаса керек. Сулуулукту макияждын гана жардамы менен жаратуу мүмкүн эмес, анткени бул жашоо стили!

Текст: Сүрөт: Oriflame