Norrsken: жазгы коллекция

Ушул жазда эксклюзивдүү жасалгалардын жазгы Norrsken линейкасы кынтыксыз жазгы стилди түзүү үчүн аксессуарлар: күндөн коргонуучу көз айнектер жана жогорку сапаттагы материалдардан жасалган шарфтар менен толукталды. Ар бир аксессуар Norrsken аттуу логотип менен фирмалык көк-каралжын коробкага таңгакталган —бул жакшы көргөн адамыңа же сүйүктүү өзүңө укмуштуудай сонун белек!

Norrsken жаңы коллекциясынын көз айнегинин тышкы оправасынын эки варианты бар:   металлдан жасалган (же металл элементтери менен) же ацетат. Металлдан жасалган оправа — бул түбөлүк классика, ал бардык стилди толуктайт жана анын материалы бышык болгондуктан узакка чейин колдонулат.  


Ацетаттан жасалган оправада күнү бою комфорт менен жүрөсүң: ал абдан жеңил жана материалдын жогорку пластикалуулугунун эсебинен башты кыспайт – бирок ушул эле учурда ал абдан бекем жана ал күндүн узакка созулган таасири болсо да, каныккан түсүн сактоо менен убакыттын өтүшү менен да  бузулбайт. Ацетаттан жасалган оправаны өндүрүү учурунда уулуу  реагенттер колдонулбайт, ошондуктан алар гипоаллергендүү болуп эсептелет. Үстү жылмакай материал майлардын жана кирлердин топтотулушуна жол бербейт.

Norrsken көз айнектеринин линзалары поликарбонаттан жасалган: мындай материал соккуларга бекем, бирок ушул эле учурда салмагы боюнча супер жеңил болуп эсептелет. Мындай линзалар  ультрафиолет нурлануусунун зыяндуу таасиринен ишеничтүү түрдө коргойт жана көздөрдүн саламаттыгын сактайт — биздин көз айнектер UV400 коргоо типтеринде жасалган.

 

Norrsken жоолуктары  100% нукура вискозадан турат. Ал целлюлозадан даярдалган жана нукура табигый материал болуп эсептелет, бирок ушул эле учурда пахтадан эки эсеге жеңил – демек, жоолук салынып жүрүүдө абдан ыңгайлуу — жана гипоалергендүү болот. Вискоза жумшак жана кармаганда жагымдуу, өңү өчпөйт жана жууганда өңү чыгып башка буюмдарга өңү жукпайт, жогорку деңгээлде бышык болуп саналат. Вискоза жоолуктары электрлешпейт, себеби кездеме статикалык электрди чогултпайт. Нукура табигый вискоза жибектикиндей жалтырактыкты берип турат, бирок анын иштетилген ыкмаларына жараша жалтырабаган бозомтук  тустө болушу мүмкүн же болбосо, пахтанын, жүндүн фактурасын алышы мүмкүн.

 Мындай материал аяр кылдат урунууну талап кылат: машинага жууганда жана аны машинада сыкканда тоголокчолор (катушки) жана тартылуулар пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан аны жумшак каражат менен жылуу сууга кол менен жууганды сунуштайбыз. Аны үтүктөөдө үтүктүн температурасын эң ылдыйкы режимине коюу аркылуу башка кездеменин алдына коюп алып, үтүктөсө туура болот.

Norrsken жасалагаларынын коллекциясы эки комплект менен толукталды. Биринчи — шахмат огранкалары жана родий жабуулары менен роза түсүндөгү кварцтын кабошондору менен назик образ үчүн жабууда жасалган. Кулондун айлана тартылган сүрөтү четтери ачык таза кристаллдар менен кооздолуп, ичке өрүлгөн чынжыр, сөйкөлөр жана шакек аны коштоп турат. Экинчи комплект — чыныгы азгырыктын эликсири! Халцедон анын ээсинин айланасында кызыл айымдардын өзгөчө магнетизмдик аурасын тузөт, ал жерде кыялдар жана купуялуу каалоо-тилектер ишке аша турган, ага дүйнө жүзүнүн бетин ачат. Шакектин айлана түрүндөгү тизилген кристаллдар менен толукталган, ал эми «жагымдуу алтын» түсүндө жабуусу менен сөйкөлөрдүн шахмат түрдөгү четтериндеги шуру-бриолет сүйүү шарабынын тамчысы сыяктуу.

Текст: Сүрөт: Oriflame