Жазгы 5 тренддер

Гүлдүү жана жемиштүү принттер, пастель жана металликтер, жеңилдик жана легендарлуу 70-жылдардагыдай — жаз келе жатат, жаз мезгилине жол бергиле! Жазгы сергек образды түзүү үчүн бүт гардеробду алмаштыруунун кереги деле жок. Биз жаңы аксессуарлардын жардамы менен башкача болуп кайра кубулуп көрүнүүнүн беш вариантын таптык.

Чөйрөлөрдүн гармониясы

Көлөмдүү чөйрөлөр жана алтын сымал металл — «алтын жана бермет» классикалык жуптун заманбап интерпретациясы. Бекитилбеген колье  жана билерик (браслет) моюндун жана колдун билектеринин назиктигин баса көрсөтөт.  Андан сонун образ алуу үчүн аларды өзүнчө тагынып жүрсөң да болот – же сөйкөлөр жана шакектердин тобу менен толукта. 



Сырдуу сумочкалар

Коозунанбы же бышыгынанбы? Тандап кереги жок! Ушул жазында сенде жашоонун бардык учурларына карата колдонгондой үч вариант бар. Гүл-брелок менен сумочканы бизнес-жолугушууга алып ал: назик түстөр ишкердик образга жеңилдик кошот, ал эми анын ыӊгайлуу өлчөмү өзүң менен бирге документтериңди же үлгүлөрдү алууга мүмкүндүк берет. Классикалык күрөң сумочкада ачык сары түстөгү лимондору менен  косметичка жашынып жатат: аларды бирге же болбосо өзүнчө башка алып жүрсөң да болот. Сүйүктүү сумка-торбоңду таштагың келбей жатабы? Өзүңдүн коллекцияңды жаңы – питонго окшогон принти менен толукта.

Жазгы жеңилдик

Сенин гардеробуңдагы бул аксессуарлар каралжын түстөгү свитерлер, пуховиктер жана кара сумкалардын арасындагы биринчи гүлдөр сыяктуу чыга келет. Көбүрөөк жеңилдик, назиктик, таза аба! Романтикалуу айымдарга роза жана металлик  түстөрүндөгү сумкаларды сунуштайбыз: алар универсалдуу. Дүкөндөрдү кыдыруу үчүн эң модалуу перфорирленген сумка, ал эми жазгы күндөн коргонуу үчүн — геометриялык линзалары менен көз айнектер ылайыктуу болот.

Маанайлардын өзгөрүшү

Ушул жазда сен кандай болууну кааласаң, ошону танда — ал эми эртеси эле андан айнып кал! Айымдардын натурасы мына ушунда. Өзүңдүн жасалагаларыңдын коллекциясын колье жана сенин чыгармачылык фантазияңдын соңунан үлгүргөндөй болуш үчүн чыгарыла турган  подвескалары менен трансформер-сөйкөлөрү менен толукта



Стилдин сырлары

Эгерде, сен минималисттик  кооз жасалгаларды жакшы көрсөң, көлөмдүү чоң шуру-мончокторго жана ири чоң гүлдөрү менен болгон сөйкөлөргө көңүлүңдү буруп, кара. Жаңыны колдонуунун жана чектен чыгуудан коркпой турган убакыт! Ушундай комплектти төшөк сымал тонундагы свитер, бир түстүү көйнөк менен тагынып ал. Эгерде, аксессуар — сенин образыңдын башкы акценти болсо, тагылып-чечилүүчү деталдары жана мончоктору менен назик шуру-мончокторду жана чечилүүчү подвескалары менен сөйкөлөрдү тандап ал. Акцент сөзсүз эле көзгө биринчи урунгандай болушунун кереги жок —  кээде ичке назик деталдар деле бүт көңүлдү өзүнө бурат.

Текст: Сүрөт: Oriflame