Жакшы мисал: табиятка кантип кам көрсө болот?

Швеция — экологиялуулуктун таанылган лидери. Мунун сыры жарандардын жалпы кызыкчылыгында турат – алар планетага кам көрүшөт: бардыгы таштандыларды сорттоого жана өткөрүүгө ак ниет мамиле жасашат, сууну, электр энергиясын үнөмдөп, секонд-хэнддерге барышат. Шведче табиятка кам көрүү принциптери жөнүндө билип ал, ал келечектеги муундарга өлкөнүн кооздугун жана ресурстарын сактоого жардам берет.

 

1.  Бөл жана өкүм сүр

Шведдер таштандыларды кайтадан иштеп чыгууда ушунчалык ийгиликке жетишкендиктен тиричилик таштандыларынын 1% дан азы гана түздөн-түз таштандыга жөнөтүлөт. Калганын кайра пайдаланууга, кайра иштетүүгө же энергия булагына айландырууга болот.

Кеӊеш

Сен дагы таштандыларды сорттоп, өткөрө аласыӊ, анткени канчалык көп адам муну адат кылып алса, планета үчүн ошончолук көп пайда болот. Баарын дароо жасоого аракет кылба- акырындык менен башта. Мисалы, кагазды жана тунук айнекти (мисалы, сүйүктүү кремиңдин бош банкасын) башка калдыктардан өзүнчө өткөрүп бер. Бул адатка айлангандан кийин, желимдин классификациясын изилдеп, жаңы деңгээлге көтөрүлө аласыӊ! Кайра иштетүүгө идиштерди жууп өткөрүүнү унутпа - заводдордогу бардык таштандылар колго сорттолот.

2. Ваннадан планетаны сактап кал

Тишибизди жууп жатканда мүнөтүнө 8 литрге жакын агын суу колдоноорубузду билчү белең? Шведдерге табигый ресурстарды сактоого кичинекей кезинен үйрөтүшөт, ошондуктан алар душта самынданып жатканда, тиштерин жууп, же сакал-мурутун алып жатканда сууну өчүрүшөт. Душка 19 мүнөттөн ашык убакыт кетсе, ваннада жуунуу экологиялык жактан пайдалуураак деп эсептешет. 10 мүнөттө жуунуп жетишесиӊби? Демек, сен суу ресурстарын үнөмдөп жатасыӊ. Дагы бир сыр  — бул минималдуу өнүм колдонуу менен көп көбүктөнүүчү  мочалканын колдонулушу. Суу ысырапчылыгын азайтып, бюджет үчүн үнөмдө!

Кеӊеш

Тишиңди, бетиңди жууп жатканда сууну өчүрүүнү унутпа жана душта сууну үнөмдөөгө жардам берген заманбап сулуулук буюмдарын колдонуп көр. Алардын бири  — Swedish Spa душ муссу, ал калың көбүк жаратып, мочалка жана суу менен кошумча манипуляцияларды талап кылбайт.

3. Желим, багын!

Швецияда жооптуу керектөө трендин колдошот жана айлана-чөйрө жөнүндө кам көргөн бренддерди тандашат. Мисалы, өндүрүш үчүн кайра иштетилүүчү материалдар колдонулат. Биз дагы таштандыларды азайтууга аракет кылабыз, ошондуктан Love Nature таӊгактарынын бир бөлүгү 40% кайра иштетилген желимден турат.

Кеӊеш

Желимди кайра иштетүү үчүн өткөрүп берүү - бул өтө жоопкерчиликтүү жана шыктандыруучу чечим, бирок буга бир аз даярдык жана маселени изилдөө талап кылынат. Эгер жөнөкөй нерседен баштоону кааласаӊ – желим таңгактагы жаңы буюмдарды сатып алууну кыскарт. Рефилдери бар өнүмдөрдү изде, мисалы, The ONE Make-up Pro магниттүү палеткасы.

4. Табигыйлыкты танда

Табигый ингредиенттери бар өнүмдөр териге гана эмес, айлана-чөйрөгө да пайдалуу. Ошентип, органикалык экстракттар пестициддерсиз өскөн өсүмдүктөрдөн алынат, бул сизге көбүрөөк пайдалуу заттарды сактап калууга жардам берип, топуракты жана сууну булгануудан коргойт. Ал эми био-ажыроочу формулалардын курамында желим бөлүкчөлөрү жок жана алар микроорганизмдер жана бактериялар тарабынан толугу менен кайра иштетилет, жана ошондуктан дүйнөлүк океанга зыян келтирбейт.

Кеӊеш

Биздин био-ажыроочу формуласы бар жана курамында этикалык нормаларды абдан катуу сактоо менен алынган табигый ингредиенттери бар этикалык EcoBeauty косметика топтомубузду колдонуп көр. Oriflame өз өндүрүшүндө айлана-чөйрөгө кандай кам көрөөрү тууралуу бул жерден кененирээк маалымат ал.

5. Буюмдарды баамдоо менен сатып ал  

Шведдер көп учурда тюбиктердин бүтүн бир топтомунун ордуна көп функциялуу каражаттарды артык көрүшүп, ошону менен бирге алар желимдин санын азайтышат.  Сен да  Атайын жумшартуучу каражаттын, жардамы менен алардан үлгү алсаӊ болот, жана ал териге кам көрүү боюнча 4 өнүмдү алмаштыра алат. Жана да ал ушунчалык компакттуу болгондуктан, ар дайым жаныӊа ала жүрсөн болот!

Кеӊеш

Ар дайым жаныӊда чоӊ косметика салгычты ала жүрүү – ыӊгайсыз жана тыкан эмес! Компакттуу жана көп функциялуу каражаттарды танда, мисалы, The ONE контуринг үчүн стиктери, образыӊды өзгөртүп бир нече өнүмдү алмаштыра алат.