Пребиотиктер — алар өсүмдүктөрдө камтылган, кайра иштетилбей турган тамак-аш булаларынын тиби. Аларга уруктар, жемиштердин жана жашылчалардын кабыктары өзгөчө бай келет. Алар ичегинин микробиомунун балансын колдоого жардам беришет жана пайдалуу бактериялар үчүн тамак-аш болуп саналат.
Көпчүлүк адамдар тамак-аш булаларынын сунушталган суткалык ченемин колдонушпайт: аны бир гана тамактан алуу кыйын. Бир күндүн ичиндеги өзөк жалгоонун биринин ордуна ушул пребиотик суусундугу Wellness смузини даярдап ал. Витаминдер, минералдар, антиоксиданттар жана тамак-аш булалары, банандан жана балдан алган таттуулук, жалбыздын (мята) жеңил ноталары менен жемиштердин суусундугу — андан сенин ичегиң эле бактылуу болбостон, сен өзүң да бактылуу болосуң!
Аны жасоо үчүн сага керек:
½ кызылча
½ стакан малина
½ банан
4 жалбыздын (мята) сабактары
1 чоң кашык бал
1 лайм
1 стакан бадамдын (миндаль) сүтү
1,5 кичине кашык тамак-аш булалары менен пребиотикалык суусундук
Даярдоонун ыкмасы:
Кызылчаны жакшылап жууп ал, бирок кабыгын аарчыба — анын кабыгы менен сен тамак-аш булаларынын камтылышын жогорулатасың. Лаймдан ширесин сыгып чыгарып ал. Бир консистенцияда болгонго чейин блендердин жардамы менен бардык ингредиенттерди бириктирип кошуп ал. Бийик стаканга куюп бер же жумуш кун ичинде өзөк жалгап алыш үчүн жумушка ала бар.