Үйдөн чыкпастан, формаңды колдо!

Азыктандыруучу тамак-аш кошулмалар менен өзүңдүн диетаңды кантип теңдеш керек жана фигура жана ден-соолук тууралуу кандай кам көрүү керек.

ЭМНЕ ЖЕШ КЕРЕК?

Татаалдаштырба жана жөнөкөй эрежелерди аткар:

 Белокторго жана жаңы жашылчаларга басым жаса 

Спаржа же  помидор  менен «Нэчурал Баланс» шорпо тамактарынын курамында белок да, жаңы жашылчалар да бар. Шорпо тойгон сезимди берет, үч өсүмдүктүн (буурчак, соя, картошка) булактарынын протеиндеринин эсебинен белоктордун жетишсиздигин толтурууга жардамдашат жана сергектикти берет – ушул эле учурда бир порцияда болгону 70 гана калория болот!

Анын курамында глютен, лактоза, жасалма боёктор жана консерванттар жок. Аны бир мүнөттө эле даярдоого болот – сен убакытты үнөмдөөнү кааласаң, жеңил түшкү же кечки тамак вариант катары идеалдуу келет же көп тамактар үчүн негиз боло алат.

 Күнүгө 3-4 жолу тамактан

Тез татымдардан тамактануунун кесепетинен инсулиндин жогорулашы кошумча стрессти пайда кылат жана азыктардын калгандарын запаска өткөрүү менен организм азык заттарды азыраак сарптай баштайт.   Ошентип күтүлбөгөн ашыкча килограммдар пайда болот.

 Зыяндуу азыктарга чектөө кой

Тез углеводдорду, таттууларды, күйгүзө куурулгандарды, майлуу жана туздуу тамактарды максимлдуу түрдө колдонбогонго аракет кыл.

 Тамакты үйдөн жаса

Бардык тамакты жеткирүүлөрдөгү чоң арзандатууларга азгырылба жана ашканаң 24/7 мезгил бою жаныңда экенинде учурду колдон: жаңы ингредиенттерден жөнөкөй тамактарды даярда. Бизде мындай рецепттердин китеби бар: суперфуддардын ордуна — өзүңө жакын эле жерде турган азык-түлүктүн түшүнүктүү ингредиенттери, ашпозчудан шедевр катары көрүнөт. Курамындагы Wellness продуктулары микроэлементтер менен белоктордун күндөлүк ченемин толуктоого жардам берет.

КАНДАЙ КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ ЖАСОО КЕРЕК?

Эгерде спорт — сен үчүн эмес болсо, өзүңдөн мүмкүн эмес нерсени талап кылба жана фитнес боюнча модалуу онлайн-курсун да сатып алба. Сенин милдетиң — гиподинамияга жол бербөө жана организмдин бардык системаларынын иштөөсүн колдоо.

Кыска wellness-машыгууларын жабдууларсыз эле жасоого болот.

Машыгуу килемчесинин ордуна кадимки эле килем же сүлгү жарайт,

эгерде секирүүчү арканың жок болсо, анда ансыз деле секирүүгө болот, ал эми

степ-платформасын бут кийимдин коробкасы менен алмаштыр.

ӨЗҮҢӨ ДАГЫ КАНДАЙ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАСЫҢ?

1. Күндү эртең менен сени кубанычка бөлөгөн нерселерден башта: окуудан, туугандарыңа телефон чалуудан, эртең мененки даамдуу тамактануудан башта. Тынчсызданууну пайда кыла турган жаңылыктарды, жок дегенде эртең менен же таптакыр, окубаганга аракет кыл.

Стресс – саламаттыктын жана жакшы фигуранын болушу үчүн башкы душманы.

2. Азыр — өндүрүмдүүлүк боюнча жалпы мелдеш эмес, а жоопкерчиликте болуу мезгили экени эсиңде болсун. Эң негизгиси — сенин жана туугандарыңдын тынчтыкта болушу.

Эгерде, сен экинчи чет тилди үйрөнүүгө үлгүрбөй калсаң же өзүңдүн мыкты версияңа жеткениңди көрө албай калсаң, өзүңдү жемелебе.

Өзүңдүн денеңе керектүү кам көр, денең ага татыктуу. Туура тамактануудан жана активдүүлүктүн  жыйынтыгын бекемде - же ал тургай үйдөн спа күнүн өткөр!

Текст: