Эмне? Кайда? Эмнеге? Жаңы Бьюти-Аксессуарлардын обзору

Бир нече жыл мурда бьюти-аксессуарлар биз үчүн экзотикалуу, түшүнүксүз көрүнүп, алардын натыйжалуулугунан күмөн саначу элек. Бирок бүгүнкү күндө косметологдор өз кардарларына бетке, чачка жана денеге арналган «акылдуу» түзмөктөрдү колдонууну жигердүү сунуштап жатышат. Бул профессионалдык процедуралардын эффектин күчөтүүгө жана адиске баргандан кийинки натыйжаны узакка чейин сактоого жардам берет. Бьюти-жардамчыларды тынымсыз колдонуу эстетикалык клиникаларга баруудан жана кам көрүүчү косметикадан бир кыйла үнөмдөөгө жардам берет деген пикирлер айтылат. Биз сага сенин сулуулугуң үчүн эң кызыктуу жана эффективдүү аксессуарлардын обзорун даярдап койдук. Даярсыңбы? Кеттик!

БЕТКЕ ЖАНА ДЕНЕГЕ АРНАЛГАН ТРИММЕР

Депиляция учурунда жагымсыз сезимдер, ошондой эле устараны колдонуудан кийин теринин кургоосу жана кычышуусу тууралуу унут. Бетке жана денеге арналган жаңы триммер жагымсыз процедураны өзгөчө бьюти-ритуалга айлантуу үчүн жасалган. Ал түктү жөн гана эффективдүү жана оорутпастан албастан, кооз көрүнөт!

Лайфхак: Атайын тарактын жардамы менен чачтардын узундугун жөндөй аласың. Топтомго кашка жана денеге арналган эки өзүнчө сап кирет.

ЧАЧКА АРНАЛГАН СҮЛГҮ-ТЮРБАН

Биздин жашообузду ар күн сайын жеңилдете турган жөнөкөй аксеесуарларды баалай билүү керек. Эми чачыңда бет аскасынын калдыктары калбайт: жумшак жана жагымдуу сүлгү-тюрбан бетиңе кам көрүүнү мурдагыдан дагы жагымдуу кылат!

Лайфхак: Чачыңа маска жасаганда, сүлгү-тюрбанды колдон!

ЧАЧСАЙГЫЛАР

Абдан кичинекей жана абдан эффективдүү! Аларды бет маскаларын жасаганда колдон – чачтарың тоскоол болбойт. Жагымдуу жөнөкөй дизайн жана сапаттуу материал аларды алмашкыс жардамчы кылат. Сен аларды ошондой эле чач жасалгалоо учурунда колдонсоң болот – алар чачыңды бузбагыдай кылып жасалган.

Лайфхак: Чачты жыйноо керек болгон бардык түшүнүксүз жагдайда чачсайгыларды колдон!

БЕТКЕ АРНАЛГАН МАССАЖЁР

Бүгүнкү күндө далилденген: бетти укалоо сулуулукту сактоого, терини сергитүүгө жана беттин түсүн жакшыртууга жардам берет. Бирок бул үчүн сөзсүз түрдө эле кымбат салондорго баруу керек эмес. Үй массажёрлору дагы бул милдетти мыкты аткара алышат. Мисалы, Oriflame-дин кол массажёру. Кооз дизайн жана ыңгайлуу колдонуу аны түбөлүк фавортке айландырат.

Лайфхак: массажёр беттин булчуңдарын эс алдырууга жардам берет, демек, теринин эрте картаюусунун алдын алат.